• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 9 миң 16 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 9 миң 16 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1 648, Алматы шаарында – 1 501, Шымкент шаарында – 82, Акмоло облусунда – 998, Актөбе облусунда - 409, Алматы облусунда - 396, Атырау облусунда - 567, Чыгыш-Казакстан облусунда – 229, Жамбыл облусунда – 113, Батыш-Казакстан облусунда – 162, Караганда облусунда – 1 245, Костанай облусунда - 323, Кызылорда облусунда – 74, Мангистау облусунда – 177, Павлодар облусунда - 703, Түндүк-Казакстан облусунда – 263, Түркстан облусунда – 123 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 166 миң 697 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий