• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет

Коом 0

Бишкек, 08.11.22 /Кабар/. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет. Бул тууралуу ТурСтатта маалымдалат.

Маалыматтык система КМШнын кышкы туризм жана эс алуу боюнча туристтер арасында эң популярдуу жана жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштады.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн рейтинги туристтер арасында популярдуулугунун жана КМШ өлкөлөрүндөгү туризм жана эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизинде түзүлгөн.

ТурСтаттын маалыматы боюнча, туристтер арасында кышкы эс алуу боюнча КМШнын алдыңкы беш өлкөсүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, ошондой эле Өзбекстан жана Армения кирет.

Кыргызстанда кышында туристтерди борбор калаа Бишкек жана Каракол лыжа базасы, ошондой эле Ысык-Көл кызыктырат.

Пикир

Оставить комментарий