• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Франциянын ИИМ академиялары кызматташат

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. КР ИИМ Академиясынын жетекчилиги Франциянын ИИМинин Улуттук академиясынын окутуу жана эл аралык байланыштар боюнча директору, дивизиондун комиссары Лоран Москателло жана Европа биримдигинин "LEICA" долбоорунун директору (Борбордук Азиядагы укук коргоо органдары) Гюэнель Ле Бретон менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариэль Абитов келген конокторго ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоо боюнча жана ошондой эле илимий кадрларды даярдоо жаатында Академиянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Андан тышкары, КР ИИМ Академиясынын базасында экстремизм жана терроризм, баңгизаттарын сатуу, адам сатуу, уюшкан кылмыштуулук жана киберкылмыштар сыяктуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөшүү Борборун түзүү ниетин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө келген коноктор Борбордук Азиядагы террордук ишмердүүлүктүн алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатында укук коргоо органдарынын потенциалын күчөтүү максатын көздөгөн Европа бирлигинин “LEICA” программасынын долбоору жөнүндө айтып беришти.

Жолугушууда илимий-билим берүү чөйрөсүндө, тактап айтканда, КР ИИМ Академиясына техникалык жардам көрсөтүү жана кызматкерлери үчүн тематикалык тренингдерди өткөрүү боюнча келечектеги кызматташуу талкууланды.

КР ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Т.Абитов өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Ле Бретонду "LEICA" долбоорунун директору болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады, ошондой эле туруктуу негизде кызматташуу үчүн Кыргызстандын ИИМ Академиясын билим берүү компоненти катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар КР ИИМ Академиясы менен Франциянын ИИМинин Улуттук Академиясынын ортосунда илимий изилдөө жана укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоону уюштуруу жаатында эки тараптуу кызматташууну мыйзамдаштыруу процессин баштоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий