• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын кайра иштетүүчүлөрү меморандумга кол коюуну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен Германиянын айыл чарба коому (DLG) кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу ата мекендик уюмдан билдиришти.

Кызматташтык тууралуу планды Кыргызстандын агроөнөр жай комлексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев DLG немец коомунун өкүлү ольга Хюнгер менен талкуулады. Тараптар биргеликте агроөнөр жай форумун уюштуруу, ошондой эле Кыргызстандын дыйкандарыжана кайра иштетүүчүлөрү үчүн Германиянын ишканаларына бизнес-турду өткөрүү жана алардын AGRI Technika көргөзмөсүнө катышуу боюнча макулдашышты.

"Кооперациянын алкагында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө байланыштуу ар кандай багыттар боюнча консультация жана колдоо алуу үчүн германиялык адистерди тартуу да пландалууда. Кызматташтыктын чоо-жайын жана келечегин талкуулагандан кийин тараптар Айыл чарбаны өнүктүрүү ассоциациясы менен DLG ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуну пландаштырышты. Бул документ уюмдар ортосундагы мындан аркы кызматташууга жана тажрыйба алмашууга негиз болот", - деп билдиришти ата мекендик ассоциациядан.

Маалымат үчүн: DLG (Deutsche Landwirtschafts-Gesellschaft) коомунун 30 миңден ашуун мүчөсү бар жана Германиядагы айыл чарба жана тамак-аш тармагындагы алдыңкы уюм. Ал дүйнө жүзү боюнча билимин жана тажрыйбасын алдыңкы эл аралык практиктер, эксперттер жана адистештирилген компаниялар менен бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий