• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчи Хидеки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр КР президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарын жогору баалап, япон тарапка жогорку уюштуруучулук үчүн ыраазычылык билдирди. Ушуга байланыштуу сапардын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды, анын ичинде Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Япон тарап "Борбордук Азия+Япония" диалогдук платформасынын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондуктан Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлүнүн Япониянын региондогу өлкөлөр менен кызматташтыгын бекемдөө максатында иш сапары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле тараптар актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий