• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зыян 4 млн сом. Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан товар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга телефон, аксессуар жана тиричилик буюмдарын мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз товарды "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча 6- башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аныкташкан.

Кытайдан "Ю.Т." ЖЧКсынын дарегине "айыл чарба техникасынын тетиктери" товары келген. Көрсөтүлгөн документтерге ылайык, товардын жалпы салмагы 23 миң 185 кг түзгөн. Бирок декларацияланган товардын салмагы болгону 4 миң 224 кг түзгөн. Калган 18 миң 961 кг товар уюлдук телефондор, аксессуарлар жана тиричилик буюмдары. Ошентип, мамлекетке келтирилген алдын ала зыяндын суммасы 4 млн сом.

Факт тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий