• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Индиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду - тизме

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бүгүн, 14-июнда бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортсундагы Эки тараптуу инвестициялык келишим;

— Киреше салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

— Тоо кыркалар биологиясы жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Өкмөттөр аралык Меморандум менен жана Саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу эки министрликтин ортосундагы Меморандум;

— Маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы менен Индия Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы менен Индия Республикасынын Коопсуздук боюнча улуттук гвардиясынын ортосундагы жана Кыргыз Республикасынын Аскер институту менен Индия Республикасынын Улуттук коргоо академиясынын ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер тоо-кыркалар мектебинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдар;

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен менен Индия Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика минстрлиги менен Индия Республикасынын Соода жана укуктук метрология боюнча өнөр жай министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Индиялык илимий-маалыматтык системасынын (RIS) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

— Кыргыз улуттук агрардык университети менен Индия Республикасынын Багбанчылык жана токойчарба Университеттеринин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

— Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларация жана Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Жол картасы.

Пикир

Оставить комментарий