• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда маалым болду.

Жолугушууда аталган долбоордун олуттуу жылышы жана анын республикада мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мааниси зор экендиги белгиленди.

KOICA жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун аракеттеринин аркасында долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн атайын топ (бирдик) түзүлүп, аны мал чарбасын жана ветеринарияны генетикалык жактан жакшыртуу тармагында чоң тажрыйбасы бар кореялык эксперт Хонг Сон Коо жетектей тургандыгы маалымдалды.

Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөдө малдын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берет.

Министр KOICA`га бул маанилүү долбоордо көрсөткөн колдоосу жана өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кореянын мындан аркы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын дыйкандарынын турмуш деңгээли көтөрүлөрүнө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана мал чарбачылыгын жакшыртуу кызыкчылыгында долбоор ийгиликтүү аяктаарына ишенимин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу тууралуу дагы сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий