• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте акын, агартуучуларга Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бишкекте акын, агартуучуларга Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү, маданият тармагын, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Сыйлыктар акын, жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев, кыргыз тили жана адабиятчы мугалим Угилкан Орманова жана Кадыр Мамырасуловго берилди.

Пикир

Оставить комментарий