• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР эл артисти Александра Марусич акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда КР эл артисти Марусич Александра Евгеньевнаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, театр ишмерлери ошондой эле Александра Евгеньевнанын күйөрмандары жана жакындары катышты.

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Александра Евгеньевна бүткүл өмүрүн театрга арнаганын, тандап алган ишине жан дили менен кызмат кылганын белгиледи.

"Көрүүчүлөр анын таланты, чеберчилиги жана кубулжуган үнү үчүн абдан жакшы көрчү. Александра Евгеньевна чындап эле жаркыраган актриса, сахна чебери, орус театрынын легендасы, сыймыгы, өз ишинин чыныгы кесипкөйү болгон", -деген ал артисттин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле Роскызматташтыктын жетекчиси Альберт Зулхарнеев, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетекчилиги, аны менен бирге иштешкен кесиптештери - КР эл артисти Лариса Любомудрова, РФ эмгек синирген артисти Андрей Петухов, КР эмгек сиңирген артисти Ольга Жигулова коштошуу сөзүн сүйлөшүп, Александра Евгеньевна мыкты дос, мыкты кесиптеш, мыкты устат болгонун, ал чоң сахнага чыгуу үчүн бир топ жаш адистерди даярдаганын, өзү заманбап жана классикалык драматургиянын 50дөн ашык роль ойногонун, анын катышуусу менен болгон спектаклдерди көрүүчүлөр зор ынтызарлык менен күтүшкөнүн айтып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий