• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясы

Саясат 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Биргелешкен декларациянын текстин келтиребиз:

“2023-жылдын 9-11 июлунда Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияда мамлекеттик сапар менен болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Наадам улуттук майрамын белгилөө боюнча иш-чаралардын ардактуу коногу болду.

Эки мамлекеттин башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча терең пикир алмашышты.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Монголиянын (мындан ары – Тараптар) жана алардын элдеринин ортосундагы көп кылымдык бекем тарыхый жана маданий байланыштарды белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да кеңейтүү үчүн кеңири потенциалды жана саясий эркти ырасташты.

Тараптар 2014-жылы Бишкек шаарында Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле 2023-жылдын июлунда Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы эки өлкөнүн мамилелерди жана кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө умтулуусун ачык көрсөткөнүн белгилешти. Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды илгерилетүүгө, маданий жана гуманитардык алмашууларды бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган.

Тараптар, 1992-жылдын 22-апрелиндеги Кыргызстан Республикасы менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протоколдун, 1993-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык жөнүндө келишимдин, 1999-жылдын 4-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Монголиянын 21-кылымга багытталган достук мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациянын, ошондой эле башка эки тараптуу макулдашуулардын жана келишүүлөрдүн жоболорун жетекчиликке алып, эки тараптуу өз ара пайдалуу достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулууларын ырасташат жана төмөнкүлөр жөнүндө жарыялашат:

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамилелерди ургаалдуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө тоскоол болгон көйгөйлүү аспектилердин жоктугун канааттануу менен белгилешет.

Тараптар кызматташуу жылдарында кол коюлган, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем укуктук негиз түзгөн эки тараптуу документтердин принциптерин жана жоболорун өзгөрүүсүз кармана тургандыктарын ырасташат.

Тараптар өз ара ишеним көрсөтүү, өз ара урматтоо, теңдик, өз ара пайда алуу жана ар тараптуу өз ара аракеттенүү духунда өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүүнү уланта беришет.

Достук жана кызматташтык мамилелерине таянып, Тараптар региондо жана бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөө ишине өз салымын кошууну улантышат.

Негизги эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позициялардын жакындыгын белгилеп, Тараптар Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк соода уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме сыяктуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын жана бирикмелердин алкагында бири-биринин демилгелерин өз ара колдоо практикасын улантышат.

Тараптар тынчтыкты, өнүгүүнү, тең укуктуулукту, адилеттүүлүктү жана эркиндикти камсыз кылуу маселелерине бирдей көз карашта болуп, өзөгү Бириккен Улуттар Уюму болгон эл аралык системаны биргеликте колдошот, БУУнун Уставында жана башка негизги эл аралык келишимдерде жана документтерде бекитилген эл аралык укук принциптерине жана нормаларына негизделген эл аралык тартипти карманышат.

Тараптар тоо күн тартиби маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана аны андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын кабыл алынган «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки мезгилге карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Күн тартибин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакырчылыкты кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана «жашыл өнүгүүнү» илгерилетүү жаатында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришет.

Тараптар жаңы жана салттуу чакырыктарга жана тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка болгон коркунучтарга биргелешкен күч-аракеттер менен каршы турууга, Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде терроризмге, экстремизмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, курал-жарак аткезчилигине, чек аралар аралык кылмыштуулукка, кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө натыйжалуу чараларды көрүүгө чечкиндүү.

Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги байланыштар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойной турганын белгилешет жана эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги диалогунун динамикасын, анын ичинде өз ара визиттерди, мамлекеттер аралык, парламенттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык, аймактар аралык байланыштарды жана алмашууларды кеңейтүүнү колдоого даяр экендигин ырасташат.

Парламенттер аралык мамилелерди жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын, парламенттик комитеттердин жана достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү мындан ары да уланта беришет.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо эки тараптуу мамилелердин бардык спектринин артыкчылыктуу компоненттеринин бири экенин белгилешет.

Тараптар экономика жана соода-сатык, инфратүзүм, транспорт, энергетика, өнөр жай өндүрүшү, инвестиция, кайра иштетүү жана тоо-кен казуу өнөр жайы, айыл чарба, санариптештирүү, туризм жаатындагы кызматташтыкты жигердүү илгерилетүүгө, өндүрүш менен жеткирүү логистикалык чынжырчаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө, өз ара пайда табуу кызыкчылыгында практикалык кызматташуу потенциалын тереңдетүүгө жана ачууга даяр.

Тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын эки тараптуу мамилелердеги маанилүү координациялоочу ролун белгилеп, бул механизмдин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча зарыл чараларды көрүүнү макулдашышты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн кубаттоого, эки өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өз ара маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу максатында соода-экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар боюнча маалымат алмашууга даяр экендиктерин ырасташты.

Тараптар биргелешкен бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди жана ишкерлер жолугушууларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана практикалык соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде электрондук коммерцияны активдештирүү, жаңы соода жана инвестиция каналдарын ачуу аркылуу өнүктүрүү жолу менен ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө даяр.

Эки өлкөнүн экономикаларынын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен, Тараптар региондогу азык-түлүк коопсуздугун биргеликте камсыз кылуу максатында айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, айыл чарба жаатындагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды стимулдоо, мал чарбачылыгы, ветеринария жана фитосанитария, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана айыл чарба адистерин даярдоо жаатында кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашышты.

Тараптар Монголиядан Кыргыз Республикасына эт, эт азыктарын, сүт азыктарын, жүн жана булгаары жеткирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Монголияга сапаттуу, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын жеткирүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешти.

Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришет.

Тараптар текстиль жана тигүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана эки өлкөнүн тийиштүү ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды кубатташат. Монгол тарап Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн сырье жеткирүүгө даяр экендигин билдирет.

Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр катары транспорттук жана транзиттик коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүшөт.

Монгол тарап кыргыз тараптын 2016-жылы түзүлгөн «Азия автомобилдик жол тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга» кошулууга умтулуусун кубаттайт.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана андан ары кеңейтүү Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, адамдар менен алмашууга, ошондой эле туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Тараптар региондор аралык кызматташтыкты чыңдоонун, боордоштук мамилелерди орнотуунун, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар илимий-техникалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө бекемдеп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тажрыйба алмашууларды жүргүзүшөт.

Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода, транзит жана транспорт маселелер жана башка соода маселелери боюнча аналитикалык потенциалды күчөтүүдөгү Эл аралык аналитикалык борбордун маанилүү ролун белгилешти.

Маданий жана тарыхый жалпылыкты эске алуу менен Тараптар кыргыз жана монгол элдеринин тарыхы жана маданияты, руханий жана материалдык мурастары боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты жигерлентүү зарыл экендигин белгилешти. Практикалык өз ара аракеттенүү максатында милдеттери жана максаттары окшош болгон «Жашыл Мурас» жана «Миллиард бак-дарак» сыяктуу улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда өз ара көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин эң маанилүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташууга чоң маани беришет. Тараптар маданий жана гуманитардык алмашууларды мындан ары да жигердүү илгерилетүүгө, билим берүү, маданият, спорт, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр.

Эки өлкөнүн элдерин жакындаштыруу, бири-биринин тарыхын жана маданиятын өз ара изилдөө максатында Тараптар эки мамлекеттин жогорку окуу жайларында кыргыз жана монгол тилдерин окутууну уюштурууга ниеттенишет.

Маданий алмашуу динамикасын сактоо, ошондой эле гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жаңы мазмунга толтуруу максатында Тараптар Маданият күндөрүн, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун үзгүлтүксүз түрдө өткөрүүнү, ошондой эле маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жаатында кызматташууну илгерилетүүнү макулдашышты.

Тараптар туризм тармагында кызматташууну жигерлентүүнү макулдашышты. Тараптардын өз ара туристтик иш-чараларга катышууга, туристтик агымдарды көбөйтүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн өз ара маалымат турларын колдоого кызыкдарлыгы белгиленди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыгууну жараткан маселелеринин бүтүндөй комплекси, эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча жигердүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухка жана Монголия элине Кыргыз Республикасынын делегациясын жылуу, достук маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Ухнаагийн Хурэлсухту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргыз Республикасына иш сапар менен келип кетүүгө чакырды”.

Пикир

Оставить комментарий