• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евробиримдик КРда шайлоолордун ачык-айкын өтүшүнө кызыктар – П.Буриан

Саясат 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Европа биримдиги Кыргызстанда шайлоолордун ачык-айкын жана таза өтүшүнө кызыктар. Бул тууралуу Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан билдирди.

ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Петер Буриан 24-25-апрелде Кыргызстанга келди. Сапардын жүрүшүндө ал Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, андан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукту. Муну менен катар элчи Петер Буриан чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен дагы жолугушту.

“Менин Бишкекке келишим өз убагындагы сапар болду, андыктан биз Европа биримдигинин Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө, күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндигинин болушуна кызыктар экенин дагы бир жолу белгиледик. Ошондой эле, Евробиримдик бул чөйрөлөрдө реформа жүргүзүүдө Кыргызстандын бийлигине колдоо көрсөтүүнү жактай турганы ырасталды”,-деди Петер Буриан сапаранын жыйынтыгы боюнча.

Пикир

Оставить комментарий