• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк Кореянын премьер-министринин расмий сапары кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгарууда -Абылгазиев

Саясат 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгарууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргызстан-Түштүк Корея" бизнес-форумунда билдирди.

Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күн тарыхый окуя болуп, эки өлкөнүн алакасын бекемдейт.

"Сиздин расмий сапарыңыз кызматташууга жол ачат деп ишенем. Бүгүнкү күнү Корея экономикалык көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Ошол эле учурда Корея көптөгөн өлкөлөргө демократиялык институттарды бекемдөө жана туруктуу экономикалык өсүш боюнча үлгү болууда. Кыргызстан Кореяны Азия чөлкөмүндөгү жакын өнөктөштөрдүн бири деп эсептейт", - деди ал.

Ал билдиргендей, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 30 млн. долларды түзгөн. Бирок эки өлкө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдонгон жок.

"Бизде кыргыз-корей соода-экономикалык алаканы арттырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кореялык капиталы бар 1 миңден ашык ишкана иштейт. Алардын ичинен 350гө жакыны биргелешкен ишкана түрүндө иш алып барат. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтарды көрсөтүү, айыл чарба, курулуш, соода тармагында иштейт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий