• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жээнбековду колдойт

Саясат 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Кечээ, 14-сентябрда “Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйын өткөрдү. Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо жөнүндө чечим кабыл алышты. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Төмөндө фракция чечиминин текстин келтиребиз:

“Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйынында мамлекетибиздин акыркы жылдардагы жетишкендиктерин бекемдөө, бүтүндүгүн сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна ат салышкан он үч талапкердин эмгек жолун карап чыгып, турмуштук бай тажырыйбасын, жөнөкөйлүк менен адамгерчилик сапатын жана элдин кызыкчылыгы үчүн калыстык менен жасаган иш-аракетин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоону чечти”.

Пикир

Оставить комментарий