• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ӨР менен кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даяр - Жээнбеков

Саясат 0

Ташкент, 14.12.17. /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстан менен боордоштук мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө терең ниеттенүүдө. Бул тууралуу Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында ӨР президенти Шавкат Мирзиеев менен тар чөйрөдө жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мирзиеев Жээнбековду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өткөнүн КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жээнбеков өзбек кесиптешине Өзбекстанга расмий сапар менен чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер менин досум жана үзөнгүлөшүм Алмазбек Шаршенович менен бирге акыркы чейрек кылымдын аралыгында чече албаган маселелерди чечүүгө жетиштиңиздер. Сиз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бардык тоскоолдуктарды жоюуну чын дилиңизден каалап жаткандыгыңызды көрүп турам.
Бул сапар Кыргызстандын салттуу достукка, жакшы коңшулаштыкка, жана боордоштук мамилелерге негизделген кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырастап турат. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөрүбүз ортосунда ишенимди тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бардык күч аракетимди жумшоого даярмын”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий