• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын кызматкери жетекчиликтен директорлук кызмат ордун талап кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан энергетика тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармактары” (КУЭТ) ААКтын жетекчилигинен директорлук кызмат ордун талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, “КУЭТ” ААКтын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин бири “С.М.” коркутуп-үркүтүү жолу менен анын компраматтык билдирүүлөрүн ачыкка чыгарууга, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана жогорку даражалуу чиновниктер аркылуу таасир этүү менен “КУЭТ” ААКтын жетекчилигинен аталган компаниянын филиалдарынын биринин директорлук кызматына дайындоону талап кылган.

2021-жылы 3-мартта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “С.М.” кармалып, УКМКнын тергөө абак жайына камалды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий