• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ башчысы Европа Бирлигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 4-мартта Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Уланбек Султанов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, кызматташтык боюнча бөлүмдүн кызматкери Косимо Ламберти-Фоссати, саясат бөлүмүнүн кызматкери Светлин Сергеенков жана башкалар катышты.

Министр делегацияны жылуу кабыл алып, кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө Европа Бирлигинин институттары менен иштиктүү диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз Борбор Азияда Баңгизаттарды жайылтууну алдын алуу программасы, уюшулган кылмыштуулукка жана баңгизаттарга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европа Биримдигинин чаралары программасы сыяктуу Европалык Биримдиктин долбоорлорунун алкагында бирдиктүү иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын жана Борбор Азиядагы укук коргоо менен сот органдарын колдоо боюнча “LEICA” регионалдык долбоорунун башталышын кубануу менен белгилейм”, - деди Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде Эдуард Ауэр Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы көп жылдардан бери үзүрлүү кызматташып, ага мисал катары бүгүнкү күндө республиканын аймагында ишке ашып жаткан долбоорлор менен программаларды белгилесе болоорун билдирди.

Тараптар 2014-2020-жылдарга карата Көп жылдык индикативдүү программанын жыйынтыгын, анын алкагында жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кодекстерин талкуулашты. Ошондой эле бул программанын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдүү программанын келечеги жөнүндө сүйлөшүштү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, катышуучулар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерине дагы токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий