• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот: Жергиликтүү соттордун судьялары жана бир катар кызматкерлер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Жаңы жыл алдында ишинде айырмаланган жергиликтүү соттордун судьялары менен бир катар аппарат кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, соттордун ишмердүүлүгүн камсыздоодо жетишкендиктери үчүн КР Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна жана Талас облустук сотунун төрагасы Боромбаев Мирлан Искакович сыйланды.

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Сагымбаева Нурпериза Алымбековна — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетектөөчү адиси;

Шакиров Атабек Мухтаридинович — Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын жардамчысы;

Арзыбаева Нурила Анарбековна — Талас облусунун Талас райондук сотунун бөлүм башчысы;

Музукеева Элнура Каныбековна — Чүй облустук административдик сотунун улук катчысы;

Киселева Светлана Ивановна — Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун бөлүм башчысы;

Джанболотов Алмаз Арыстанбекович — Ысык-Көл облустук административдик сотунун бөлүм башчысы;

Болотбаев Марат Абдусаматович — КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу;

Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу.

Н.Бакирова сыйлык ээлерин дагы бир жолу куттуктап, Жаңы жыл алдында ден соолук жана үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий