• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропорту угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. «Манас» ААКнын өкүлдөрү «Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок өндүрүштүк-аймактык баштапкы уюмуна» кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

Жолугушууда «Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун Чүй-Токмок өндүрүштүк-аймактык баштапкы уюмунда» мүчөлүк кылган 30 адамга тамак-аш азыктары берилди.

Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлү Галина Отюцкая «МЭА» ААКга ыраазычылыгын билдирди.

Отюцкая азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу кайрымдуулук жардамы өз учурунда берилип жатканын белгиледи. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар калктын социалдык жактан корголбогон катмарынын бирине киргендиктен, учурда чоң каржылык кыйынчылыктарды баштан кечиришүүдө.


Маалымат үчүн: Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коому 1958-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун - көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ыктыярдуу улуттук республикалык коомдук бирикмеси. Кыргызстандын баардык облус, район жана шаарларында 60 өндүрүштүк, өндүрүштүк-аймактык жана баштапкы уюмдар бириктирилген.

Пикир

Оставить комментарий