• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 178 качкын жана башпаанек издеген 683 адам жашайт

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда КРнын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбордук Азия боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Ханс Фридрих Шоддером менен качкындар боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында кызматташууну талкуулады.

Эмгек министринин айтымында, учурда Кыргызстанда 178 качкын жана 683 башпаанек издеген адам жашайт.

"Мамлекеттин милдети бул адамдарга татыктуу шарттарды түзүп берүү, качкын статусун, милдеттерин жана укуктарын түшүндүрүү жана жардам берүү. Биздин БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы менен кызматташуубуз бул ишке чоң салым кошууда", - деди ал.

Ханс Фридрих Шоддердин айтымында, БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы гуманитардык принциптерге ылайык коркунучтан качууга аргасыз болгон адамдарды коргоо жана жардам берүү үчүн КР министрлер кабинети менен кызматташууга умтулат.

"Пандемия баса белгилеген принциптер жана Качкындар боюнча Глобалдык келишимдин өзөгү: биргелешип иштөө, жоопкерчиликтерди бөлүшүү жана үйлөрүнөн чыгып кеткен адамдардын улуттук жардам көрсөтүү пландарына камтылышын камсыздоо үчүн тилектештик руху. Биз кызматташуу жана конструктивдүү өнөктөштүк духунда биргелешип чечимдерди издөөгө даярбыз", - деди ал.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Миграция департаментине башпаанек берүү системасын өркүндөтүү жана КРдагы качкындардын жана башпаанек издегендердин укуктарын коргоо үчүн 1 миллион 560 миң 832 сомдук компьютердик жабдууларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий