• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 28 калктуу конушка айыл категориясы берилиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште 28 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча 2 мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» жана "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору менен төмөнкү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталган:

- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык;

- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу;

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма, Кичи-Жайылма.

Пикир

Оставить комментарий