• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19....+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19....+21, Талас облусунда +14...+19, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6...+11 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий