• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чех эксперттери Бишкектеги таштанды полигонунда өрттү өчүрүү боюнча бир катар сунуштарды берди

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров чех эксперттери - HDT Impex s.r.o. жана ReGreen s.r.o. компаниялар консорциумунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эксперттер Бишкектеги таштанды таштоочу жайдагы өрттү өчүрүү жана жаңы полигонду ачууга чейинки иш-аракеттердин ырааттуулугу боюнча сунуштарын айтышты.

Жаңы полигон ачылганга чейин өрттү толугу менен өчүрүү, жаңы очоктордун алдын алуу, полигондогу калдыктарды эсепке алуу системасын өзгөртүү, таштандыларды полигонго ташып келүүчү жерди өзгөртүү жана таштандыларды башкаруу системасын өзгөртүү сунушталууда.

Эске салсак, эксперттер мэрдин орун басары менен бирге полигонго барып, учурдагы абалга баа беришкен. Ошондой эле таштандыдан чыккан өрттөрдү өчүрүү маселесин жеринде чечүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий