• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

11-январга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-январдан 11-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-январда күндүз жана 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-9-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-январда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда күндүз жана 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз, 8-январда жана 9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жана 10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз, 8-январда жана 9-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жана 10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий