• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Евровидение-2021» сынагынын финалисти Манижа Сангин Кыргызстанга эмнеге келгенин айтып берди

Коом 0


Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” глобалдык кампаниясы темасында сөз болду.

Музыкант, «Евровидение-2021» сынагынын финалисти, SILSILA фонунун негиздөөчүсү Манижа Сангин КРнын Россиядагы аял-мигранттарына карата зомбулук маселесин чечүүгө аракет кылуу үчүн маданиятты үйрөнүү максатында Кыргызстанга биринчи жолу келгенин билдирди.

“Көптөгөн кыйынчылыктар бар. Жарандык жана жалпы эле кандай документ болбосун алуу кыйын. Милоицияга кайрылуу коркунучтуу, анткени документтер жайында эмес, сени үйүңө жөнөтүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле, ошол эле документ маселесине байланыштуу ооруканага кайрылуу дагы татаал.

Биздин максат – мигранттарга, качкындарга жардам берүү, үй-бүлөлүк зомбулук темасын жеңүү, зомбулуктун курмандыгы болгондорго жана алардын балдарына колдоо көрсөтүү , коопсуздугун камсыздоо. Өзгөрүү керек жана биз бул жерде сиздин маданиятыңызга аралашуу үчүн келдик, бул бизге кантип туура мамиле түзүүнү түшүнүүгө жардам берет ", - деди Манижа Сангин.

SILSILA фондунун тең негиздөөчүсү, Манижа Сангиндин апасы Нажиба Усманова баса белгилегендей, SILSILA фонду учурда тесттик режимде иштөөдө, анткени жардам көрсөтүү протоколу иштелип жатат.

“Бизге аялдар гана эмес, кризистик абалга туш болгондордун баары кайрыла алат. Бизде юристтер, психиологдор, дарыгерлердин тобу бар, акысыз иштеп беришет – алар дагы Азиянын мурдагы мигранттарынын катарынан чыккандар.

Биз башка менталитеттеги – Афганистан, Кавказ, Кыргызстан, Өзбекстан жана башкалар менен иштей турган бирден-бир фондбуз. Европалык баалуулуктар ар дайым башка менталитеттеги адамдар үчүн ылайыктуу боло бербейт", - деди Нажиба Усманова.

Ал ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук эмне экенин өз көзү менен биле турганын, ошондуктан жабырлануучуларга жардам берүүнү чечкенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий