• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК "24.KG" агенттигинин кеңсесинде согушту үгүттөө фактысы боюнча тинтүү жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бүгүн "24.KG" маалымат агенттигинин имаратын тинтүүгө алды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин "Согушту үгүттөө" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий