• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлөт, анын 162синде оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлөт, анын 162синде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун жарандар менен иштөө жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жакын арада дагы 122 имаратта оңдоо башталат. Эки долбоорлго кошулган башка объекттерде жумуштар тендер процедуралары аяктаган соң уланат.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында республика боюнча кыска мөөнөттүү 560 бала бакча түзүлөт.

Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, долбоорго кирген имараттардын ар биринде капиталдык оңдоп-түзөө, балдар үчүн санитардык гигиеналдык шарттарды түзүү иштери аткарылат. Мындан сырткары, эмерек, килем, оюн жана өнүгүү үчүн материалдар, оюнчуктар, дидактикалык жана методикалык материалдар берилет, заманбап балдар аянтчалары курулат жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп балага тарбия бере алат.

Кыска мөөнөттүү 560 бала бакча менен 3-5 жаш курактагы 20 миңден 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий