• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси менен кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков жолугушуу учурунда дүйнөдө инновациялык технологиянын өнүгүүсү адамзатка оң таасирин тийгизгени менен, ошол эле учурда кылмыш дүйнөсүндө да алдыңкы технологияларды колдонуу өсүп жатканын билдирди.

“Ошондуктан, биз да өнүккөн мамлекеттердин укук коргоо органдарынын кылмыштуулукту алдын алуудагы жана күрөшүүдөгү, өзгөчө интернет мейкиндигиндеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы, заманбап техниканы алуу жана аны колдонуудагы тажрыйбалары менен алмашуулардын үстүнөн иш жүргүзүүгө өзгөчө маани берүүдөбүз. Катар мамлекетинин полициясы бул багытта чоң ийгиликтерге жетишкендиктен, биздин министрлик алардын алдыңкы тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү үчүн өнөктөштүк мамиле түзүү өтө маанилүү экендигин билдирип кетээр элем”, – деди министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагы, Кыргызстандын аймагындагы Катар Мамлекетинин жарандарынын жана ишкердик мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды.

ИИМдин жетекчиси мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө, дайыма ачык жана түз байланыш түзүүгө даярдыгын ишендирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий