• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык штаб кант диабети менен ооруган бейтаптарды эмдөө тууралуу маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Республикалык штаб кант диабети менен ооруган бейтаптарды эмдөө тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, россиялык, америкалык жана европалык диабет тармагындагы эксперттер кант диабетинин 1-2-типтеги жана башка сейрек кездешүүчү диабет (гестациялык диабетти кошпогондо) менен ооругандарга каршы көрсөтмөлөрдү жана сактык чараларын сактоо менен эмдөөгө болоору жөнүндө айтып жатышат. Бул диабет менен ооруган бейтаптарда коронавирус инфекциясынын оор абалда өтүшүнө байланыштуу.

Өзгөчө эмдөө үчүн артыкчылыктуу топтор төмөнкүлөр:

• Кан тамыр жактан көп кабылдоолору бар оорулуулар;

• Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар;

• Өнөкөт бөйрөк оорулуулар, өзгөчө терминалдык стадиядагылар, бөйрөктү алмаштыргандан кийинки бейтаптар.

Эмдөө жөнүндө чечим дарыгер тарабынан жалпы текшерүүдөн жана өз алдынча көзөмөлдөө күндөлүгүн анализдөөдөн кийин кабыл алынат. Эмдөөгө жалпы каршы көрсөтмөлөрү:

- вакцина жана ушул сыяктуу компоненттерди камтыган вакцинанын же вакцинанын ар кандай компонентине жогорку сезимталдык;

- оор аллергиялык реакциялар;

- анамнезде эмдөөдөн кийинки оорунун күчөшү менен байланыштуу реакциялар

- курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар,

- өнөкөт оорулардын күчөшү

- кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили.

Кант диабети менен ооруган адамдарды эмдөөгө кошумча каршы көрсөтмөлөр:

кант диабетинин күчөп кетиши (диабетикалык кетоацидоз, гиперосмолярдык абал, лактацидоз жана оор гипогликемия). Декомпенсация учурунда абдан этият болуу сунушталат.

Эмдөөдөн кийин гликемияны өз алдынча текшерүү жана муктаждык болгон учурда инсулиндин дозаларын коррекциялоо сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий