• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 29 калктуу конуштун жана 2 шаардын башкы планы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда 29 калктуу конуштун жана 2 шаардын башкы планы иштелип чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, башкы пландарды иштеп чыгуу Ал белгилегендей, иштеп чыгуу КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы токтому менен бекитилген 2018-2025-жылдарга Кыргызстандын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасына ылайык ишке ашырылган.

"Ошентип, 2023-жылы 37,8 млн сомго республика боюнча 29 калктуу конуштун жана 2 - Кайыңды жана Жалал-Абад шаарларынын башкы пландары иштелип чыкты. Өз кезегинде 2024-жылы 31 млн сомго 26 калктуу конуштун жана 3 шаардын (Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак жана Ош) башкы планын иштеп чыгуу пландалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий