• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаш эко-активисттердин конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Бишкекте Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча “Жаштар келечек үчүн” аттуу аймактык жаштар конференциясы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 24-27-октябрь күндөрү Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан жана Германиядан жаш эко-активисттерди бириктирди. Конференцияга тажикстандык делегаттар жана түркмөнстандык бир нече эко-активист онлайн режиминде катышты.

Конференциянын негизги максаты – аймактагы аз көмүртектүү жана климатка туруктуу келечекти куруу үчүн жаштардын потенциалын күчөтүү болду.

Эко-активисттер төрт күн бою аймактагы климаттын өзгөрүүсү боюнча эл аралык эксперттердин изилдөөлөрү менен таанышты. Дүйнө жүзү боюнча жаштардын экологиялык кыймылдарынын ролу жөнүндө билишип, аларды айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы маалыматтарды чогултууга, талдоого жана колдонууга үйрөтүштү.

Программанын ичинде интерактивдүү сессиялар жана командалык оюндар, мазмундуу талкуулар, эко-идеяларды биргелешип иштеп чыгуу, чет элдик эко-активисттер жана волонтерлор менен тажрыйба алмашуу болду. Экологиялык экскурсиялар борбор калаанын сейил багына биргелешип бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу менен коштолду.

Конференциянын жыйынтыгында эко-активисттер климат маселелери боюнча Борбор Азия жаштарынын биргелешип иштеп чыккан коммюникесин сунушташты. 10 барактан турган документте жаштар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана ага ыңгайлашууда негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири болууга даяр экени билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий