• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ТИМ кыргыз жарандарын Россия менен Украинанын чектеш аймактарына баруудан карманууну суранат

Коом 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын Украина менен чектеш аймактарында абалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарын бул аймактарга баруудан карманып турууну өтүнөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

"Ошондой эле аталган аймактарда жашаган жарандарды коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Кандайдыр бир муктаждык пайда болсо элчиликтин ишеним телефондоруна кайрылууну өтүнүшөт: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Пикир

Оставить комментарий