• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаратылыш министрлиги алдыңкы 3 жылга карата коррупцияга каршы иш-аракеттер планын бекитти

Коом 0

Бишкек, 28.04.23./Кабар/. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү максатында 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын бекитти.

Министрликтен билдиришкендей, иш-аракеттер планынын негизги максаты ведомстволук кызматтардын, департаменттеринин, региондук башкармалыктарынын жана борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн ишиндеги коррупциялык аракеттерди жоюу болуп саналат.

Ал президенттин коррупцияга каршы туруу жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясы, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жөнүндө жарлыктарын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Иш-аракеттер планына ылайык, министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана региондук бөлүмдөрү иштин профилин жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен тиешелүү планды даярдап, ал эми коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү туруктуу негизде иш-аракеттер планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турушу керек.

Пикир

Оставить комментарий