• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 63 миң мугалим эмделди. Салттуу окууга кайтууга даярбыз — Бейшеналиев

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 63 миң мугалим коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында 73 эмдөө пункту ачылып жатат.

“Дагы 20 миң мугалим вакцина алса, жамааттык иммунитет пайда болот деп ойлойм. Учурда бардык региондор эпидкырдаал боюнча “жашыл зонага” кирди. Окуу жайлар салттуу окутууга өтө алат. Эгер 15-сентябрда эпидкырдаал начарлап кетсе, анда окуу жайлар мурдагы алгоритм менен иштей баштайт. Жергиликтүү бийлик органдары окуу режими кандай түрдө болорун чечет”, - дейт ал.

Бейшеналиев студенттер каникулда жүргөндүктөн канчасы вакцина алгандыгы тууралуу маалымат жок экендигин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек (24%) жана Ош шаарында (45%) эмдөө темпи төмөн болгонун айтып, вакцинанын жетиштүү санда болгонуна карабастан ушундай көрүнүш болуп жатканын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий