• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 9 айда 78 бала жол кырсыгынан каза болду

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 9 айда жол кырсыгынан 78 бала каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жол кырсыгынан 62 бала каза болгон. Орун басар баланын жолдо жүрүм-турум маданиятын жашынан калыптандыруу керек деп ойлойт.

“Балдарга кичинекей кезинен баштап жол эрежесин үйрөтүү керек. Билим берүү министрлиги ушул пунктту киргизип, мектеп окуучуларына жол эрежесин үйрөтүүгө сааттарды бөлүп берсе, абдан пайдалуу болмок”, - деди ал.

Жалпысынан республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5 миң 437 жол кырсыгы катталып, 587 адам каза болуп, 8 миң 298 адам жабыркаган.

“Өткөн жылга салыштырмалуу кырсыктардын саны өскөн, бирок өткөн жылы пандемияга байланыштуу чектөөлөр киргизилген”, - деп белгиледи Сыдыгалиев.

Пикир

Оставить комментарий