• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда административдик-территориалдык реформа жүргүзүлөт — президент

Президент 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. «Административдик-территориалдык реформа боюнча өтө көп айтылып келген. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул реформа (АТР) ар кандай себептер менен жүргүзүлбөй келген.

«Парламенттик шайлоо өткөн соң, бул реформага киришебиз. Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуулар болот. Мамлекеттик системанын ыкчам иштешине, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы административдик-территориалдык реформаны жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Пандемия шартында баарыбыз көрдүк. Жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болот жана өзгөртүшү керек экендиги айкын болду», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий