• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 231 миңден ашык нике катталып, 50 миңге жакын түгөй ажырашкан

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 5 жылдын ичинде 231 миң 111 нике катталып, 49 миң 272 түгөй ажырашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- 2016-жылы - 48 миң 936 түгөй баш кошкон;

- 2017-жылы - 43 миң 325 үй-бүлө жаралган;

- 2018-жылы - 49 миң 511 түгөй катталган;

- 2019-жылы - 49 миң 395 нике каттоо болгон;

- 2020-жылы - 39 миң 944 түгөй мамилесин каттаган;

- 2016-жылы - 9 миң 98 түгөй мамилесин токтоткон;

- 2017-жылы - 9 594 түгөй ажырашкан;

- 2018-жылы - 10 миң 435 ажырашуу катталган;

- 2019-жылы - 10 995;

- 2020-жылы - 9 миң 150 түгөй ажырашкан.

Статистикага ылайык, 2018-жылы эң көп нике катталган - 49 миң 511, ал эми 2019-жылы - 10 миң 995 түйгөй эки ажырым жолго түшкөн.

Возможно, это изображение (текст «HиKeлewyy >aHa aжblpawyyлapAbl KaTToo AиHamиKacbl 9 098 10 435 9 594 10 995 9150 9 150 48 936 43 325 49 511 2016 49 395 2017 39 944 2018 HиKeлewyy 2019 2020 aжblpawyy»)

Пикир

Оставить комментарий