• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугунда көйгөй болбойт - Айыл чарба министри

Коом 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын азык-түлүк кору жетиштүү көлөмдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Ал белгилегендей, бул эң зарыл болгон тамак-аш азыктарынын бардык түрлөрүнө тиешелүү.

"Кыргызстанда базарларда азык-түлүк жеткиликтүү жана жеткиликтүүлүк жагынан эч кандай көйгөйлөр болбойт деп ишенич менен айта алам. Баалардын жеткиликтүүлүгү коңшу базарлардагы кырдаалдан көбүрөөк көз каранды", - деди Жаныбеков.

Министр быйыл импорттун көлөмү азайганына карабастан, ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен тең салмактуулук сакталганын баса белгиледи.

"Быйыл азыктык буудай жана ун менен камсыздоо кыскарды. Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча 83 миң тонна буудай импорттодук. Быйыл бул көрсөткүч 10 миң тоннагаазыраак. Азырынча Россиядан сапаттуу, бирок арзаныраак дан алып келип атабыз, бирок былтыркы көлөмдө эмес, анткени быйыл өзүбүздүн азыктык буудайдын көлөмү бар", — деди Жаныбеков.

Айыл чарба министрлигинин башчысынын айтымында, өсүмдүк майы менен камсыздоо 20%дан ашыкты түздү, бул былтыркыга салыштырмалуу 12%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий