• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин жетиштүү кору бар

Коом 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда дары-дармектерди сыртка алып чыгууну чектөө боюнча атайын программалар бар. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Анын айтымында, аталган чаралар Кыргызстандын калкын дары-дармектердин бардык түрү менен камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүдө. “Дары-дармекти сыртка алып чыгуу ички рынокту керектүү медикаменттер менен камсыз кылган соң гана ишке ашырылат”, - деди ал.

Улан Садыков белгилегендей, өлкөдө биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин (инсулин, иммуносупрессанттар жана онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектер) жетиштүү кору бар. “Ошондой эле тендердик сатып алууларды жүргүзүп, калкты дары-дармек менен толук камсыздоону пландап жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында айрым дары-дармектер коңшу мамлекеттерге чыгарылып жаткандыгына байланыштуу өлкөдө жетишсиз болуп жатканы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий