• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 41 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 2207 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 13-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 41 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 207 адамга жетти.

Жаңы учурлар;

Бишкек шаарында - 18,

Чүй облусунда - 6,

Ош шаарында - 6,

Ош облусунда - 2,

Баткен облусунда - 1,

Ысык-Көл облусунда - 2,

Нарын облусунда - 3,

Жалал-Абад облусунда - 3.

"Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 41 учуру катталды. Алардын 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, - деп түшүндүрдү өлкөнүн башкы санитардык дарыгери.

Пикир

Оставить комментарий