• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн дагы 71 адамдан COVID-19 аныкталды. Жалпы 44 миң 999 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 71 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 999 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 13
  • Ош - 3
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу - 9
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 23

Пикир

Оставить комментарий