• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ЕАЭБге төрагалык кылуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылуунун алкагында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын протоколдук жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, булар ЕАЭБ өлкө башчыларынын саммити (болжол менен 2022-жылы августта өтөт) жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жаштар форуму (болжол менен 2022-жылдын төртунчу кварталында өтөт).

“Ошондой эле ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата мындан башка дагы иш-чаралар өтөт”, - деп кошумчалады ал.

  

Пикир

Оставить комментарий