• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь – ноябрында Кыргызстанда ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 1 трлн 72,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосуна таянып, ошону менен экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4% ды түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3%га жеткен.

"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш темпи 104,5% түзөт, өнөр жай, кызмат көрсөтүү сыяктуу секторлордун аркасында, ал эми инфляциянын деңгээли (2023-жылдын декабры 2022-жылдын декабрына карата) 10 пайыздан төмөн болжолдонууда, бул бир жагынан азык-түлүк инфляциясынын өсүшүнүн уланып жаткан басаңдашы, экинчи жагынан инфляциялык күтүүлөрдүн жогорку деңгээлинин сакталышы жана туруктуу базалык инфляция менен шартталган", - деди ал.

Министр белгилегендей, экономика секторлорунда көрсөткүчтөр 2023-жылдын январь – ноябрында төмөнкүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,3% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 5,6% га, өнөр жайда – 1,6% га, айыл чарбасында-0,3% га өстү.

Пикир

Оставить комментарий