• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук үчүн эркектер жоопко тартылышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөсүн камсыздабаган эркектер жазага тартылат. Бул тууралуу Ош шаарында "Үй-бүлөдөгү сексуалдык, гендердик зомбулуктан коргоо жөнүндөгү КРнын мыйзам актыларына" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талкууланган тегерек столдо айтылды.

Талкууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова статистикага ылайык, азыркы учурда 10 миңдей аял зомбулукка кабылып жаткандыгын билдирди. "Кээ бирлери бул тууралуу арызданышпайт. Сиздер байкагандай, азыркы учурда коомдо зомбулук көбөйүүдө" - деп билдирип, мамлекет зордукчуларга жазаны күчөтөөрүн, бир катар чаралар каралып жатканын айтты.

Талкууланып жаткан мыйзамга ылайык, үй-бүлөдө зомбулук болсо, зордукчу тергөө иштери толук аяктаганга чейин үйүнөн чыгарылат. Зордукчу өз акчасын сарптап, түшүндүрүү иштеринен өтүүсү керек, болбосо, коомдук жумуштарга тартылат.

Бир гана физикалык эмес, моралдык, экономикалык зомбулуктарга, анын ичинде аялын зордоп иштетпей, аны камсыздабаган күйөөлөргө да жаза берүү каралган.

Бул мыйзамдар коомдук угуулардан өтүп, аймактарга билдирилип, андан соң Жогорку Кеңеште окуулардан өтөөрү маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий