• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаратылыш министрлиги 2 облуска түтүндүн зыяндуулугун анализдеген жабдыктарды берди

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад жана Чүй облустук башкармалыктарына автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү (газоанализатор) жана бөлүнүп чыккан түтүндүн коюулугун өлчөөчү жабдык (дымомер) өткөрүлүп берилди.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган каражаттар республиканын ири шаарларында автотранспорттон чыккан зыяндуу заттарды азайтуу иштерин жүргүзүү максатында колдонулат.

Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунда абанын булганышын азайтуу боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Жакын арада ушундай эле иш-чараларды Жалал-Абад облусунда, Токмок шаарында жана өлкөнүн ыш байкалган ири шаарларында өткөрүү пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий