• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элдик курултай: Аксакалдар кеңеши жети багытта иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Элдик курултайда түзүлгөн Аксакалдар кеңеши жети багытта иштей баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, курултайда Аксакалдар кеңеши түзүлгөн, бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин аталышы жана түзүмү өзгөрүшү мүмкүн.

“Биз акылдашып, жети багытта иш алып барууну чечтик. Биринчиси, улуу муундар менен. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында бир канча аксакалдар уюму бар экен. Кыргыз көчүн түздөө максатында ал уюмдардын лидерлери менен түз өзүм иштөөнү пландап жатам. Экинчиси, аялдардын маселеси өтө курч турат. Ошондуктан бир багыт аялдар жөнүндө болуп, бул ишти Дамира Ниязалиева (ред.: Элдик курултайдын төрагасынын орун басары) алып барат. Үчүнчүсү, билгилер тобу, илимий чыгармачыл интеллигенциянын үнү угулбай калды. Илимге жана билгилерге таянып, алардын пикирин угуп, мамлекеттин өнүгүүсү боюнча программаларды иштеп чыгарууда алар менен иштөө. Төртүнчүсү, жаштар болсо, бешинчи багыт мекендештер, эмгек мигранттары менен иш алып баруу. Ал эми алтынчысы, аймактар менен иштешүү. Аймактар боюнча кураторлор болуп, улуттук маселеге жоопкерчилик алат. Акыркысы, элдик демилгелер борбору деп аталат. Бул маалымат талдоо борбору: элден түшкөн ар кандай суроо, сунуш, талап, идеялар каралып, турмушка ашырылат”, - дейт ал.

Кошалиев биринчи Элдик курултай өз максатына жеткенин баса белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий