• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэринин м.а. Жунушалиев «Бишкексууканал» ӨЭБнын тазалоо курулмаларын текшерди

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев таанышуу инспекциясы менен «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын тазалоо курулмаларына барды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыдыруу учурунда Айбек Жунушалиев объектинин кызматчыларынын эмгек шарттары жана анын абалы менен таанышты.

Ишкананын башчысы Мурадин Сейдалиев азыркы учурда тазалоо курулмалары 55-65%га жүктөлгөндүгүн айтты.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380,0 миң м3 агындыларды кабыл алат, иш жүзүндө аэрация станциясына суткасына болжолдуу 220,0 – 230,0 миң м3 агынды келип түшөт.

Шаардык агынды сууларды тазалоо боюнча процесс көлөмдүү жана татаал. Татаалдыгынын себеби агынды суулар тазалоонун бир нече этабынан өтөт: механикалык, биологиялык, жугушсуздандыруу жана агызуу.

Маалымат: Тазалоо курулмалары 1978-жылы Пригородное айылына курулган. Суткасына өндүрүмдөгү 380миң м3 агындылар толук биологиялык тазалоонун тазалоо курулмаларында камсыз кылган тазалоо курулмаларындагы агынды суулар транспортирленет.

Тазалоо курулмаларынын аянты 51 га түзөт. Тазалоо курулмаларынын аймагында механикалык тазалоо цехи жайгашкан, мында механикалык торчолордо ири токтотулган заттар кармалып турат. Торчолордон кийин агынды суу кум, органикалык эмес аралашмалар жана органикалык булгануунун ири фракциясы кармалган аэрациялык кум тосмого келип түшөт.

Андан кийин каналдар аркылуу баштапкы радиалдык тундургучка келип түшөт, мында 1,5-2 саат ичинде тундуруу болот, б.а. заттар түбүнө түшөт жана оор өлчөмдөгү заттар калкып чыгат. Андан ары тундурулган суу аралашма кислороду бар микроорганизмдин жардамы менен органикалык булганууларды кычкылдандыруу аркылуу толук биологиялык тазалоодон өтүү үчүн аэротенкага түшөт. Андан кийин аралашманы жана тазаланган сууну бөлүү үчүн экинчи тундургучка келип түшөт.

Биологиялык тазалоонун толук циклин өткөн агынды суу суюк хлор менен жугушсуздандырылат жана Чу суусунун нугу боюнча 22 чакырым аралыктагы каналга бурулат.

Пикир

Оставить комментарий