• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда ишкерлердин укугун коргоо максатында бизнес-акыйкатчынын институту түзүлөт

Экономика 0

Бишкек, 03.08.18 /Кабар/. Кыргызстанда ишкерлердин укугун коргоо үчүн бизнес-акыйкатчынын институту түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2-августта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук өнөктөштүк мамилелерин куруу керек.

“Ушул максатта биз текшерүү түшүнүгүн - көзөмөлдөп жаткан мекеме айып пул санкцияларын киргизүүнүн ордуна пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү көздөгөн мониторинг түшүнүгүнө алмаштырууну көздөп жатабыз. Аны менен бирге ишкерлердин укугун коргоо максатында бизнес-акыйкатчынын институту түзүлөт”, - деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүү боюнча башка чаралар менен бирге комплекстүү түрдө каралышы керектигин баса белгиледи.

“Биз бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берип, жазалоочу чараларды гана көргөн көзөмөлдөө органдарынын саясатын карап чыгышыбыз керек. Бизнес көлөкөдөн чыгып, ачык ишмердүүлүккө кызыкдар болушу үчүн мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатышыбыз керек”, - деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий