• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-апрелден 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусуна, 207-246 чакырымдарында Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайы;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусу.

Мындан улам, көчкү жүрө турган тилкелерде унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий