• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда кепилденген депозиттердин суммасы 52,6 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда кепилденген депозиттердин (аманаттардын) суммасы 52,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, депозиттерди коргоо системасы тарабынан кепилденген аманатчылардын саны 2023-жылдын 1-апрелине карата 5 млн 643 миң 660ты түздү.

"Үстүбүздөгү жылдын 1 апрелине карата депозиттерди коргоо сисемасынын катышуучуларынын отчету боюнча, системанын катышуучуларынын депозиттик базасынын көлөмү 360,5 млрд сомго жетти", - деди ал.

Башкача айтканда, бул көлөмдүн (360,5 млрд сом) 14%га жакыны (52,6 млрд сом) кепилденген депозиттер. Себеби, жеке адамдардын төмөндөгү депозиттери компенсация алууга укугу жок:

1) банкка, микрофинансы компаниясына жана турак жай-сактык кредиттик компаниясына тиешелүү адамдардын депозиттери;

2) акыркы 3 жылдын ичинде банктын, микрофинансы компаниясынын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын чет өлкөлүк консультанттары же тышкы аудиторлору болгон адамдардын депозиттери;

3) юридикалык жактын атынан (ишеним кат) коюлган адамдардын депозиттери;

4) чектөөлөр же камак коюлган аманаттар;

5) банк-резиденттин филиалдарындагы, КР чегинен тышкары жайгашкан микрофинансы компаниясы-резиденттин филиалдарындагы депозиттер.

"2023-жылдын биринчи кварталында катышуучу-банктардын депозиттеринин көпчүлүгү Бишкек шаарында топтолгон, жалпы депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын депозиттеринин 82,3% түзгөн. Калганы республиканын аймактарында топтолгон", - деди Букуев.

Ошол эле учурда ал 1-июнга карата депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 4 млрд 947,1 млн сомду түзгөнүн билдирди. Бул каражаттар аманатчылардын депозиттик эсеби болгон финансы-кредит мекемеси банкрот болгон учурда аларга компенсация төлөп берүүгө арналган.

Пикир

Оставить комментарий